БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: жапырт уулануудан жабыркагандардын саны 61ге жетти

Бишкек: жапырт уулануудан жабыркагандардын саны 61ге жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

"Улуу тоо" ресторанында болгон жапырт уулануудан жабыркагандардын саны 61ге жетти. Бул тууралуу "Т-Медиага" Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата 15-апрелдеги иш-чарадан алты, 18-апрелдеги "Кыз узатуу" тоюнан дагы эки, 19-апрелде 14 адам уулангандыгын айтып кайрылган. Жалпы жабыркаган 61 адамдын 22си жаш балдар. Учурда кайрылгандардын 12си ооруканада дарыланууда. 

22-апрелде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору калаадагы "Улуу тоо" ресторанында жапыр уулануу катталганын билдирген. Анда жалпы 39 адам медициналык жайларга кайрылган. Ал эми ресторанга 18 миң сом айып пул салынып, 23-апрелден тарта жабуу тууралуу эскертүү берилген.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, ресторандан текшерүүгө даяр тамактар, азык-түлүктөр алынган. Ошондой эле ашканадагы жабдуулардын тазалыгы текшерилип, 31 кызматкер кароодон өткөрүлгөн.

Бишкекте былтыр да жапырт уулануу катталган. Тез татым жайларынан тамактанган 70тен ашуун адам ооруканага кайрылгандан кийин, борбордогу тамактануучу жайларга, кафе-ресторандарга текшерүү жүргүзүлгөн. Айрымдарына айып пул салынган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей