БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: бооруна операция жасаткан эки бейтап үйүнө чыгарылды

Бишкек: бооруна операция жасаткан эки бейтап үйүнө чыгарылды

Сүрөт: Саламаттыкты сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министрлиги боор алмаштыруу операциясын жасаткан эки бейтап текшерүүдөн соң бүгүн, 10-июлда үйүнө чыгарылганын кабарлады. 

Министр Алымкадыр Бейшеналиев ушул тапта дагы 15 адам боорду алмаштыруу операциясы үчүн кезекте турганын билдирди. Анын ичинен төрт адамга ылайыктуу донорлор бар экенин жана операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатканын кошумчалады.

"Биз Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операциялар биздин жарандар үчүн бекер болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя жана ал президенттин колдоосунун жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду", -дейт министр.

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында 51 жаштагы бейтаптын боору алмаштырылган. Элүү жаштагы экинчи бейтапка операция ушул эле ооруканада 11-июнда болгон. 

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 17 миң адамдын боор оорусу менен ооруйт. Органдарды трансплантациялоо программасына Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей