БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК чет өлкөлүк жаран 300 млн сомго бааланган маңзат менен кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте 7-октябрда чет өлкөлүк жаран 67 килограммдан ашык метамфетамин баңгизаты менен кармалганын маалымдады. Атайын кызмат бул тууралуу 1-ноябрда билдирип, анын баасы 300 млн сомго бааланганын белгиледи.
Маалыматка караганда, Бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен Пакистан - Афганистан - Өзбекстан- Кыргызстан маршруту боюнча метамфетамин баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык топтун ишине бөгөт коюлган.
Шектүү жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Автор: Осмонова Айдана > 797 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat