БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкекте Курман айт намазы окулду

Бишкекте Курман айт намазы окулду

Сүрөт: Т- Медиа

Бүгүн, 16-июнда Бишкек шаарындагы мечиттерде Курман айт намазы окулду. Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды бул күн менен куттуктап, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, тынчтык, ынтымак жана береке болушун каалады.

Курман айт Ош шаарында да окулду.

Президент Садыр Жапаров дагы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктап, өлкөдө улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. 

"Урматтуу мекендештер, майрам күнү курмандык чалып, айткан тилегиңер кабыл болсун. Ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыймадеп айтылат куттуктоодо.н уялап, ар бир үйгө ырыскы толсун. Жараткан ар кандай бөөдө кырсыктардан сактап, өлкөбүз өнүгүү жолунан тайбасын",-

Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда болот. Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. 

 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей