БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: милиция кызматкери өспүрүмдөн акча талап кылууга шектелип кармалды

Бишкек: милиция кызматкери өспүрүмдөн акча талап кылууга шектелип кармалды

Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратунанын маалыматына ылайык, окуя 6-июлда болгон. Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери электрондук тамеки чегип отурган өспүрүмдү "айып пул салам" деп коркутуп, каражат талап кылган. Ал жабырлануучудан ошол эле жерден банкоматтан акча чечтирип алган. 

Окуя болгон жерде жашы жете элек бала эсин жоготуп,"геморрагиялык инсульт" диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми милиция кызматкери ага жардам бербей, изин жашырып качып кеткени айтылды. 

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренеси (коркунучта калтыруу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы жүргүзүүдө. Шектүү С.Б.Б. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей