БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммити өтөт
6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити өтөт. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка карганда өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулап, уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт.
"Кыргыз Республикасынын уюмга алдыдагы төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган",-деп билдирген Муратбек Азымбакиев.
Саммитке уюмга мүчө беш мамлекет - Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.
Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat