БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Милиция Бишкекте жана Ысык-Көлдө эки келин киши колдуу болуп каза тапканын билдирди

Милиция Бишкекте жана Ысык-Көлдө эки келин киши колдуу болуп каза тапканын билдирди

Шектүү катары кармалган жарандар

Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда эки аялдын өлүмү катталды. Шектүү катары 33 жана 52 жаштагы жарандар кармалды.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, окуя 3-апрелде Кут жаңы конушунда катталган. Анда 34 жаштагы келин мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталганы аныкталган. Милиция шектүү катары 33 жаштагы жаранды кармап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү, өзгөчө мыкаачылык менен") менен кылмыш иши козголду.  

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова каза болгон келин үч баланын энеси экенин жана клининг жаатында иштеп жүргөндүгүн "Фейсбук" баракчасына жазды. 

"18 жашында аны мажбурлап турмушка чыгарышкан. 22 жашында күйөөсү кол көтөрүп, акырында ажырашып кетишкен. Ал оор шарттарда жашачу. Биз ага бардык кыйынчылыктарды чогуу басып өтүүгө, үй куруп, ишин уюштурууга жардам бердик. Мурунку күйөөсү аны дайыма аңдып жүргөн. Кечээ эле (ред-3-апрелде) келип, бычактап, ал каза болуп калды", -деп жазды укук коргоочу.

Ал эми экинчи окуя Ысык-Көлдүн Кызыл-Суу айылында болгон. Облустук милициянын маалымдагандай, 37 жаштагы аялды 52 жаштагы айылдашы балка менен башка уруп, мойнун толгоп өлтүргөн. Бул факты боюнча"Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шектүүнүн айтымында, окуя болгон күнү экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам маркумдун башына балка менен уруп, мойнун толгоп өлтүргөн. Кийин жансыз денени ашканада тогуз күн кармап, андан соң үйүнүн алдындагы таштанды таштоочу жайдын жанына таштап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.   

Ал Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.  

Ички иштер министрлиги былтыр Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. 

2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-оорунду ээлеген. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей