БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектеги ок атуу: Ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор

Бишкектеги ок атуу: Ооруканага түшкөн эки адамдын абалы оор

Сүрөт интернеттен алынды/ Бишкектеги клиникалык тез жардам ооруканасы

Бишкекте бокс боюнча машыгуу залында ок атуудан жаракат алып, ооруканага түшкөн эки жарандын абалы оор. Бул тууралуу 11-октябрда "Т-Медиага" Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бейтаптартардын бири клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Операциядан кийин абалы оор. 

Ал эми экинчи жаран ичине жана көкүрөгүнө ок тийген. Анын абалы туруктуу оор деп айтылды.

Кечээ, 10-октябрда Бишкектин 7-кичи районундагы машыгуу залында ал жерге куралчан барып, ок чыгарган жаран каза болгон. Окуя болгондо, маркум өзү финансылык пикир келишпестиктен улам машыгуучу жайга курал менен барганы айтылып жатат. 

Милиция, ал өзүнө катталган "Сайга" мергенчилик мылтыгы менен экинчи жаранга ок чыгарганын маалымдаган. Анын мылтыгынын найын бурууга аракет жасалганда өзүнүн башына кокустан ок атылып, ошол жерде көз жумган. Атышууда дагы эки жаран жаракат алган. 

Окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Маркум Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыздуу даражасына ээ болгон калыс Мукаш Ырсалиев экени айтылып жатат. ЖМКлар ал бир жума мурун эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан чыкканын жазып жатат. Ага алдамчылык боюнча иш козголгон. Жаракат алгандардын бири Кыргызстандын бокс боюнча улуттук командасынын улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев экени кабарланууда.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей