БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Минкаб Бишкектеги окуяда чет элдиктерге карата зомбулук жана адам өмүрү кыйылганы боюнча маалыматты төгүндөдү

Минкаб Бишкектеги окуяда чет элдиктерге карата зомбулук жана адам өмүрү кыйылганы боюнча маалыматты төгүндөдү

Сүрөт: kaktus.media

Министрлер кабинети 18-майга оогон түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратты. Кыргыз өкмөтү социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу аркылуу улуттар аралык кагылышууну жана баш аламандыктарды тутандыруу аракеттерин чечкиндүү айыптай турганын билдирди. Ошондой эле эл аралык басылмаларда чет элди студенттерге карата зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары тууралуу маалыматтарды төгүндөдү.

Бул тууралуу билдирүү Министрлер кабинетинин сайтына 18-майда жарыяланды. 

Маалыматка караганда, укук коргоо органдары орун алган мыйзам бузуулардын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө. Бардык күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат.

"Акыркы айларда бийлик мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Чет элдик студенттерге карата сабырсыздыкты тутандырууга багытталган ар кандай шылтоолорго жол берилбейт жана элибиз эзелтен белгилүү болгон достуктун жана меймандостуктун деминде жашай берет. Кыргыз бийлиги коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык зарыл чараларды көрдү. Биздин укук коргоо органдары коомдук тартипти бузуу аракеттерин көздөгөндөрдү чечкиндүү түрдө токтотот", -деп айтылат билдирүүдө.

Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, жабыркагандар тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирген. ТИМ медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

"Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган. Окуяга катышкандардын арасында оор жаракат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган. Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес", -деп билдирди министрлик.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкектеги окуяда "каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалыматтарды жазышкан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын билдирген. 

17-майда социалдык тармактарда Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан чет элдиктердин жатаканасынын жанына жүздөгөн киши топтолуп, "чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгон" деген маалыматтар тараган. Интернет колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты.

Чогулгандар Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөргөн. Аларды милиция кызматкерлери курчап, 50дөй кишини кармап, кийин кайра кое берген. 18-майга оогон түнү чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги окуяда 29 адам жаракат алганын маалымдады. Жабыркагандардын дээрлик баары ооруканага жаткан эмес. Азыр Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө бир пакистандык жаран жатат. Ага "баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы" деген диагноз коюлду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бейтапка бүгүн операция жасалат.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Автор: Т-Медиа > 389 макала