БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкектен 100 троллейбус Ошко жөнөтүлө баштады

Бишкектен 100 троллейбус Ошко жөнөтүлө баштады

Сүрөт: "Спутник"

Бишкектеги 100 троллейбус Ошко алынып келе баштады. Алардын алгачкы партиясы 6-августта келет. Бул тууралуу “Т-Медига” Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди. 

Жунусбаевдин айтымында троллейбустар жана тиешелүү инфраструктура бир ай ичинде ташылып бүтөт. Бирок качан каттамга чыгары белгисиз. 

“Троллейбустардын биринчилери кечээ, Бишкектен жүктөлүп жөнөтүлгөн. Эртең Ошко келип калат. Бир ай ичинде ташып бүттү пландалууда. Троллейбусттардын 100ү тең алынып келет, алгачкысы Кулатов кичи районуну жакка каттамга коюу пландалууда”-деди ал. 

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары өткөн аптада 100 троллейбусту акысыз Ошко өткөрүп берүүгө макулдугун берген. Бишкектин мэри  Айбек Жунушалиев борбор шаар кеңейгенин троллейбустарды мобилдүү автобустарга алмаштырууга туура келгенин айткан. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей