БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиевге, Жапаровго жана Шамыркановго жогорку аскердик наам берилди

Ташиевге, Жапаровго жана Шамыркановго жогорку аскердик наам берилди

"Т-Медианын коллажы"

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге жогорку аскердик генерал-полковник наамын ыйгарды. 

Өлкө башчы Эгемендик күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатта сүйлөп жатып, Камчыбек Ташиевдин улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек араны бекемдөөдө жана коррупция менен күрөшүүдө салымы чоң экенин белгиледи. 

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановго генерал-майор наамы, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Рахатбек Жапаровго ички кызматтын генерал-майору жогорку атайын наамы тапшырылды. 

Мамлекттик сыйлык тапшыруу аземи президенттик администрациянын жаңы имараты - "Ынтымак Ордодо" өтүүдө.  

УКМКнын төрагасы буга чейин генерал-лейтенант чинин алган. Мындан тышкары 2022-жылы Садыр Жапаров ага "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамын берген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей