БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК депутат Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты

БШК депутат Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты

Сүрөт интернеттен алынды

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-июлдагы жыйында парламенттин депутаты Тазабек Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алды. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн ону колдоду. 

Эл өкүлү арызды БШКга бүгүн жазган. Азырынча себеби белгисиз, өзү да бул боюнча комментарий бере элек. "Т-Медиа" аны менен байланыша албады.

Айрым жергиликтүү басылмалар депутат 18-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын жазышкан. Атайын кызмат бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Жогорку Кеңеште "Элдик" депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин мүчөсү. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын бир нече  депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер МатраимовНурлан РажабалиевАйбек ОсмоновАдахан Мадумаров, Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарбагышев.

Автор: Т-Медиа > 354 статей