БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК: Кара-Суу менен Баткенде кайра шайлоо 60 күндүн ичинде өтөт

БШК: Кара-Суу менен Баткенде кайра шайлоо 60 күндүн ичинде өтөт

Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Суу жана Баткендеги бир мандаттуу округдарда кайрадан парламенттик шайлоо 60 күндүн ичинде өтөт. Бул тууралуу "Т-Медиага" Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришип, бирок азырынча күнү белгилене электигин кошумчалашты.

Аталган округдарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары Нурлан Ражабалиев менен Искендер Матраимовдун ордуна эл өкүлү шайланат. 

Мыйзам боюнча, президент шайлоону дайындат, андан кийин эки ай аралыгында өтүшү керек.

Матраимов 2021-жылдагы шайлоодо Кара-Суу районунан, Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы аларды мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратууга өздөрү арыз бергенин маалымдаган.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Ал эми Нурлан Ражабалиев Баткенден бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей