БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

БШК: Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызы кароодо турат

БШК: Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызы кароодо турат

Жусупбек Коргонбай уулу

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу үчүн 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Маалыматты "Т-Медиага" мекеменин мүчөсү Абдыжапар Бекматов бышыктады. Анын билдиришинче, арыз БШКнын кароосунда турат. Бирок кайсы күнү каралары белгисиз.

Коргонбай уулу да мандатын тапшыруусунун себебин айта элек.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп келген. Эми мыйзам боюнча, эки айдын ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей