БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Айымдар октябрь ичинде акысыз текшериле турган айрым оорулардын тизмеси жарыяланды

Айымдар октябрь ичинде акысыз текшериле турган айрым оорулардын тизмеси жарыяланды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 18 жаштан жогорку айымдар жугуштуу эмес оорулар боюнча акысыз текшериле алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирип, өнөктүк октябрдын аягына чейин уланарын кошумчалады. 

Анда аялдар дарыгерлерден кан басымын өлчөтсө болот. Жүрөк-кан тамыр, кант диабетинин өнүгүү тобокелдиги, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди да ала алышат. Мунун баары акысыз жүрөт. Ал үчүн жашаган жериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрылыш керек. 

Министрлик акысыз текшерүүлөр "Айымдардын ден соолугу"деген аталыштагы бир айлыктын негизинде өткөрүлүп жатат. 

Расмий маалымат боюнча, акыркы төрт жылдын ичинде, 2020-жылдан 2023-жылга чейин 15 миңден ашуун аял кант диабети диагнозу менен каттоого алынган. Ал эми 45 миңден ашыгынан биринчи жолу гипертония аныкталган. Мындан тышкары эмчек безинин жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында көбөйүп, ал өлүмгө чейин алып барууда.

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей