БАШКЫ БЕТ > инфографика

Былтыр Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардан 44 адам каза болгон. Инфографика

Былтыр Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардан 44 адам каза болгон. Инфографика

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда былтыр өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 44 адам каза болгон. Бул тууралуу Улуттук статитистика комитетинин "Кыргызстандын айлана-чөйрөсү" жыйнагында жазылат. 

Баяндамадагы маалыматка ылайык, соңку беш жылда каза болгондордун көрсөткүчү 2022-жылы өскөн. Анда COVID-19 пандемиясынан каза болгондордун санын кошпогондо 135 адам өзгөчө кырдаалдардын улам көз жумган. 

Ал эми аймактар боюнча салыштырсак, былтыр өлүм Чүй облусунда эң көп катталган. Аймакта 18 адам ар кандай кырдаалда каза болгон. 

Өзгөчө кырдаал — республиканын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, алардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү. Олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болот. 

Кыргызстанда быйыл сел көп катталып, андан 22 адам көз жумду. Алардын 15и жаш балдар. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов 25-июлда жыл башынан бери өлкө табигый жана техногендик кырсыктардан улам өлкө 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартканын билдирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала