БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Былтыр Орусиядан 80 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран чыгарылган
2024-жылы "миграциялык эрежелерди бузду" делип Орусиядан 80 миңден ашуун мигрант чыгарылган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Соттук приставдардын федералдык кызматында таянып жазды. Маалыматка караганда, алардын 23 миңи Москва шаарындагы жана Москва облусундагы соттордун чечими менен депортацияланган.
Ал эми 2023-жылы Орусиядан 44,2 миң чет элдик жаран жана жарандыгы жоктор, 2022-жылы 26,6 миң мигрант чыгарылган.
2025-жылдан тарата Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелерди камтыган федералдык мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, алардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандыктар бар экендиги аныкталган.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat