БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда былтыр ымыркайлар аз төрөлдү. Статистика

Кыргызстанда былтыр ымыркайлар аз төрөлдү. Статистика

Интернеттен алынды

2023-жылы Кыргызстанда 145 миң 977 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 4248ге аз.  

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр төрөлгөн ымыркайлардын 71 миңи кыз, ал эми 74 миң 923ү уул.

 

Мекеме ошондой эле былтыр эң көп төрөт Ошто катталганын билдирди. Облус боюнча 35 миң 125 бала жарык дүйнөгө келген. Андан кийин Жалал-Абад облусу турат.

Төмөнкү графикада төрөлгөн балдардын жыныстык көрсөткүчү көрсөтүлгөн. Ага ылайык, дээрлик бардык аймактарда кыз балага караганда эркек баланын саны көп.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей