БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч округдан ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Үч округдан ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Интернеттен алынды

30-майда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. 

Жалпы шайлоого катышууга 44 жаран арыз берген. Ноокат округунан 12 талапкер, анын ичинен бирөө аял, Ысык-Көл округу боюнча 20 талапкер, Свердлов округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен экөө аял

БШК талапкерлерди 10-июнуна чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт. 10-июндан тарта шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 29-июнунда аяктайт.

 Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч округдагы кайра шайлоо 30-июнга белгиленген. Ноокат жана Ысык-Көл округдарында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 млн 748 миң сом деп эсептелген. БШК Свердлов районундагы шайлоого канча чыгым кетерин азырынча маалымдай элек. 

Боршайком 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган. Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган.  

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей