БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу КММАнын медициналык борборунун директору кызматтан кетти

Үч жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу КММАнын медициналык борборунун директору кызматтан кетти

Сүрөт: "AKИpress"/ Муктарбек Искаков

Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жашар Алия Кубанычбекованын окуясына байланыштуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунун директору Муктарбек Искаков кызматынан бошотулду.  

Мындан сырткары анестезиолог да иштен алынган. 

Саламаттык сактоо министрлиги КММАнын медициналык борбору аккредитациядан өтпөгөнүн билдирген. 

Эске салсак: Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун  Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирген. Алар бардык экспертизалар дайындалганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей