БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Чаткал: кар көчкүдө калды делгендердин биринин сөөгү табылды

Чаткал: кар көчкүдө калды делгендердин биринин сөөгү табылды

ӨКМ тараткан сүрөт

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жарандын бирөөнүн сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматына ылайык, маркум 46 жашта болгон. Анын сөөгү тик учак менен штабга (Кумбел тилкеси) жеткирилди.

Калган беш адамды издөөгө кошумча куткаруучулар тартылган.

9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана чет элдик бир жаран (жалпы 14 адам) эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жаткан. 16-октябрда алардын сегизи аман-эсен табылган. Ал эми ӨКМге калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген. 

Бүгүн, 18-октябрда издөө иштерине тик учак жөнөтүлгөн.

Эндик - сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Тамыры жоон болуп, тик өсөт. Кызыл боёгу болгондуктан косметикалык каражат катары колдонулат. Кыргызстандын тоолорунда анын үч түрү бар. 

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей