БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште угуу өтөт

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште угуу өтөт

1

 17-октябрда саат он бирде Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча угуу өтөт. Бул тууралуу парлманеттин сайтына жарыяланды.

Парламенттик угууга катышуу үчүн журналисттер, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылат.

Буга чейин мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин эки тармактык комитети биринчи окууда жактырган.

13-октябрда БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани билдирүү таратып, кыргыз бийлигин «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөдү. Анын айтымында, долбоор көптөгөн коомдук уюмдардын ишине терс таасир этип, сөз эркиндигин жана адамдардын биригүү эркиндиктерин чектеши мүмкүн.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

«Адилет» укуктук клиникасы «чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Юристтер бул документ өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Автор: Т-Медиа > 354 статей