БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкек: чет өлкөлүктөрдү сабады деп шектелгендердин бири кармалды

Бишкек: чет өлкөлүктөрдү сабады деп шектелгендердин бири кармалды

ИИМ тараткан сүрөт

Бишкекте 18-майга караган түнкү окуяда чет өлкөлүк жарандарды сабоого шектелгендердин бири кармалды.

Ички иштер министрлиги 21-майда кабарлагандай, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандык») жана 280-беренеси («Бейбаштык»)менен кылмыш иши козголгон. 

«Социалдык тармактарда 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жаткан видео тараган. »Бул окуя 18-майдын таңында болгондугу такталды. Анда азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам «Дордой» базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө алар «Мерседес-Бенц Спринтер» менен жүрүшкөнү аныкталып, автоунаасы унаа токтоочу жайга киргизилген. Рулдагы 25 жаштагы жаран Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехте иштери белгилүү болгон. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан сырткары кармалган жаран адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган«, -деп айтылат маалыматта.»

Министрлик учурда тергөө иштери уланып, окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. 

Буга чейин чет өлкөлүк студенттерди карактоого шектелип үч жаран кармалган

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей