БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чүй облустук соту Олжобай Шакирди абакта калтырды

Чүй облустук соту Олжобай Шакирди абакта калтырды

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

15-июлда Чүй облустук соту жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызын карады. Жыйынтыгында судья райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганын "Т-Медианын" отурумга катышкан кабарчысы билдирди. 

Олжобай Шакир өзү соттун чечимин "адилетсиз" деп баалады.

Буга чейинки соттук отурум жазуучунун ишин карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү пара алууга шек саналып кармалгандыктан жылдырылган. 

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту массалык башаламандык уюштурууга айыптап Олжобай Шакирди беш жылга кескен. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жазуучуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козгоп, 2023-жылы 23-августта кармап кеткен. Атайын кызмат жазуучу "Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана жапырт башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгенин, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканын" билдирген.

Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта онлайн митинг өткөрүүнү демилгелеген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей