БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Чүйдө дарыгерге кол көтөргөн жаранга кылмыш иши козголду

Чүйдө дарыгерге кол көтөргөн жаранга кылмыш иши козголду

Видеодон скриншот

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы медицина кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалганын маалымдады. Бул факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 19-августта саат 04:00дө жандандыруу бөлүмүндө болгон. Саат 01:00дө 21 жаштагы кыз ооруканага "алкоголго ууланып" түшкөн. 

Ал 3 сааттан кийин өзүнө келип, бейтапканадан кетүүгө аракет кылган. Бирок дарыгерлер аны туугандары келмейинче чыгара албастыгын айткан. Бейтап буга ачууланып, дарыгер-реаниматологду ур-токмокко алып, андан соң ооруканадан чыгып кеткен.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей