БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Малиев Бишкекке метро куруу керектигин айтты

Депутат Малиев Бишкекке метро куруу керектигин айтты

Сүрөт: Спутник Кыргызстан

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Бишкекте жол тыгын маселеси күч экенин, ошондуктан шаарга метро курууну сунуштады. 

"Мен ойлойм, метро курса болот. Кытай же Орусия же башка өлкөлөр менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, метрону салгандан кийин 20-30-жыл колдоносуңар деп берип койсо болот. Ушундай келишимдерди Министрлер кабинети караса", - деди депутат. 

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын чечүү боюнча программасын сунуштаганын билдирген. Анда калаадагы айрым мектептерде сабактарды таңкы саат 7де, кээ бир мекемелерде саат 10до иш баштоо сунушун киргизген. 

"Азыр күндүз жүк ташуучу автоунааларды киргизүүгө тыюу салынды. Бул сунуштарды колдоп жатам. Айрым мектептерде сабак жетиде башталат, айрым аябай көп адам иштеген мекеме-ишканалар саат 10до ачылат. Азыр иш убактысын тактоого аракет кылып жатышат", - деген Жапаров.

Минкаб төрагасы Жапаров баш калаадагы жол тыгын маселеси үч жылдын ичинде чечилерин белгилеген. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей