БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылып, ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду

Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылып, ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду

Сүрөт интернеттен алынды/ Мейкинбек Абдалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-августта Жогорку Кеңештин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевдин мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мындай чечимге эмне себеп болгонун ал азырынча ачыктай элек.

Абдалиевдин ордуна тизмеде турган талапкер Арсланбек Эгембердиев келди. Тиешелүү чечимди БШК ушул эле күнкү отурумунда кабыл алып, ага депутаттык күбөлүк жана төш белги берилди.

46 жаштагы Арсланбек Эгембердиев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болот. 2006-2010-жылдары эл аралык "Манас" аэрпортунда эмгектенген. 2018-жылдандан 2021-жылга чейин "АККА-Петролеум" компаниясынын башкы директору болгон.

Мейкинбек Абдалиев мурда жергиликтүү кеңештерде депутат болуп, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан шайланып келген. Жетинчи чакырылышта "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон.

Ушул күнгө ар кандай жагдайда байланыштуу Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын 16 депутаты мандатынан ажырады. Алар - Тазабек Икрамов, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Жусупбек Коргонбой уулу, Максатбек Сарбагышев, Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Адахан Мадумаров, Эмилбек Жусупов.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей