БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат министр Бейшеналиевди "кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар" деп айыптады

Депутат министр Бейшеналиевди "кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар" деп айыптады

"Т-Медианын" коллажы

Жогорку Кеңештин 3-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу өзүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин сотко бериши тууралуу билдирүү жасады. Ал министрди "коррупцияга аралашкан, кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү менен түз байланышы бар" деп айтты. Бул боюнча далилдери да бар экенин белгиледи.

"Министр "Гиппократтын антын буза албайм, кара-агына карабай операция кылганга мажбурмун" дейт. Бирок мыйзам деген бар. Бул (ред-Алымкадыр Бейшеналиев) андай кылмышкерлерди ооруканада, ачык эмес, үйүндө, жашыруун операция кылып, дарылап жүргөн. Бул операцияны Гиппократтын анты үчүн эмес, АКШнын доллары үчүн жасап жүргөн", -деди Жусупбек Коргонбай уулу. 

Депутат ошондой эле министрдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, президент менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал Бейшеналиевдин жана анын жакындарынын дагы байлыгын текшерүү керек дейт.

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө операция жасап жүргөнүн айткан. Эл өкүлү анын жоопкерчилигин кароо керектигин белгилеген. 

Министр кийин депутаттын айткандарына жооп берген. Ал Ахунбаев атындагы клиникада иштеп жүргөндө чындыгында абактагыларга да операция жасаганын айтып, бул дарыгердин милдети экенин кошумчалаган. Кийин ар-намысына жана аброюна шек келтиргени үчүн депутатты сотко берген. 

Бейшеналиев 2020-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. 2022-жылы июнда "коррупцияга" айыпталып камалып, кайра үй камагына чыккан. Андан кийин Садыр Жапаровдун жарлыгы менен иштен кеткен. 2023-жылы сентябрь айында кайра министрилик кызматка келген.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей