БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Тажикстанда этникалык кыргыздардын киши колдуу болгону боюнча окуяны дыкат текшерүүнү суранды

Депутат Тажикстанда этникалык кыргыздардын киши колдуу болгону боюнча окуяны дыкат текшерүүнү суранды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Тажикстандагы этникалык кыргыздардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү боюнча окуяны дыкат текшерүүгө чакырды. Анын айтымында,үй-бүлөнү артында үч бала томолой жетим калган.

"Бул окуяга катуу көңүл буруп, териштирбесек болбойт. Үч баланын тагдыры эмне болот? Мамлекет кайдыгер карабай, дыкат мамиле жасайлы, мен ушуну суранат элем. Эми бул эл аралык мамиле, кошуналык болуп жатат. Ошондуктан азыр көп маселени айта албайбыз". 

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Тажикстанда эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуя уку коргоо органдары тарабынан иликтенип жатканын жазган. Окуя Согд облусуна караштуу Канибадам шаарынын аймагындагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгон. Бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси этникалык кыргыздар экени айтылган. 

Тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы келин жана анын 17 жана 14 жаштагы эки окуучу уулу каза болду. Туугандары үчөө тең күч колдонулуп өлтүрүлгөнүн айтып беришкен. Келин айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, күйөөсү Орусияда миграцияда.

Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланды. Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болду. Бул мектепте этникалык кыргыздардын балдары билим алышат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей