БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Депутат Токтошев Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуштады

Депутат Токтошев Суу чарба министрлигин түзүүнү сунуштады

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев суу ресурстары жана ирригация боюнча өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, Кыргызстан дарыялардын башында  туруп, бирок өзүн суу менен камсыз кыла албай жатат. Буга мисал катары депутат быйыл Бишкек шаарындагы таза суу жана Чүй облусундагы сугат суу көйгөйүн белгиледи. 

 

"Чүй облусунун кээ бирки айылдарында сугат суу жетпей дыйкандар кыйналышып, пландаган түшүмдөрүн ала албай, банкрот болушту. Байкуш дыйкандар акимчиликтин эшигин тепкилеп, арыз-муңун эч кимге айта албай кала беришти. Ооз ачып кыйкыргандарын камап коюшту. Көрдүңүздөр жакында соттолуп чыкты. Бир да мамлекеттик орган барып, ошол дыйкандардын чыгымын эсептеп койгон жок. Алардын кеткен чыгымына ким жооп берет? Эмдиги жылы Бишкекте таза суу, дыйкандарга суу жетет деп ким кепилдик берет? Биз суунун үстүндө отурабыз го".

 

Депутат Кыргызстан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу суу реформасынан артта калып жатканын айтат. Мындан улам ал суу ресурстары боюнча мекемелерди иретке келтирип, баарын бир министрликке бириктирүүнү сунуштады. 

"Мөңгүлөрүбүздү ӨКМ, жер астындагы сууларыбызды Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги карайт экен. Таза сууну Курулуш агенттиги, ирригация, сугат сууларды Айыл чарба министрлиги карайт. Мына биздин сууга болгон чар-жайыт саясатыбыз. Төрт мамлекеттик орган бири-бирине атаандаш, бири-бирине көз каранды эмес болуп калган. Суу ресурстарын жана запастарын реформалоо үчүн суу ресурстары жана ирригация мининистрлигин түзүш керек. Мөңгүлөр жана жер астындагы суулар, анализ жана изилдөө иштерин бирдиктүү системага алып барышыбыз зарыл. Ошондой эле жаңы министрлик профилдик адистерди даярдап, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Суу кодексин иштеп чыгат", — деди ал. 

Кыргызстанда быйыл катуу ысыктан улам шаарда ичүүчү, элетте сугат суу тартыштыгы жаралды. Буга чейин Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция жана Орок айылдарынын жана Арча-Бешик конушунун тургундары эки айдан бери суусу жок отурганы үчүн өкмөткө нааразылык билдирген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей