БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Диний окуу жайга аттестат жок кабыл албайбы? Мыйзам долбоордун урунттуу учурларын тизмектейбиз

Диний окуу жайга аттестат жок кабыл албайбы? Мыйзам долбоордун урунттуу учурларын тизмектейбиз

Сүрөт интернеттен алынды

Эми жогорку билими жок жарандар динди жайылткан үгүтчү боло албай калышы мүмкүн. 11-классты аяктамайынча диний окуу жайга кабыл алууга да тыюу салынат. Мындай өзгөртүүлөр киргизилген мыйзам долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы демилгеледи. Ал 37 беренеден турат. Долбоор 29-августта коомдук талкууга коюлган.

Мыйзамда эмнелер өзгөрүлүшү мүмкүн? Урунттуу учурларды тизмектейбиз. 

Мыйзам долбоордо диний негизде саясий партияларды түзүүгө, партиянын аталышында жана үгүт иштеринде да диний темаларды колдонууга тыюу салуу сунушталган. Демилгеленген мыйзам боюнча диний кызматкерлерге депутаттыкка талапкерлигин коюуга, шайлоо алдындагы үгүт иш-чараларына катышууга жана шайлоо фонддорун каржылоого болбойт. 

Талашка түшкөн диний үгүт же даават маселеси бонча эмне сунушталган?

Долбоордо диний үгүт ишин жүргүзгүсү келгендерди атайын каттоодон өткөрүү, жогорку жана атайын диний билими бар адамдарга гана үгүт кылууга мүмкүндүк берүү сунушталып жатат. Үгүтчүлөр бир катталганда бир жылдан ашпаган мөөнөткө гана диний иш аракеттерди жүргүзө алат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин каттоону узартуу үчүн арыз берет. 

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар, мобилдик тиркемелер аркылуу үгүт кылган дин кызматчылары да аккредитациядан жана эсептик каттоодон өтүшү керек болот. Мындан тышкары жашы жете электерди диний уюмдарга тартууга тыюу салынат. Дин жолдоочулар сырткы келбетин тыкан кармашап, адамдын өздүгүн таанууга мүмкүндүк берген кийим кийиши керек болот. 

Окутуу жаатында кандай?

Сунушталган долбоор боюнча диний сабактарды окуткан адамдар жогорку диний билимге ээ болууга тийиш. Дин таануу сабактарын жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Ошондой эле диний адабияттарды, басылмаларды, аудио-видео материалдарды жогорку окуу жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да болбойт. Бул эрежелерди бузган жеке тараптарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып пул салуу сунушталып жатат. 

Дин жаатындагы сабактарды диний окуу жайдан тышкары жекече окутууга да жол берилбейт. Диний окуу жайларга мектепти толук аяктаган жана аттесстаты бар жаран гана кабыл алат.  

Мамлекеттик органдардын, Куралдуу күчтөрдүн, аскердик түзүлүштөрдүн, сот жана укук коргоо органдарынын, ооруканалардын имараттарында үгүт жана агартуу иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт. Аскер кызматчылары өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып диний мамилени пропагандаласа болбойт.

Бул өзгөрүүлөрдү утурлай Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору алмашты. Буга чейин аталган мекемени Тойгонбай Абдыкаров 2021-жылдан бери жетектеп келген. Ал 6-сентябрда өз арызы менен кызматтан бошоп, ордуна Азамат Юсупов дайындалды.

Автор: Бурханов Байэл > 2 статей