БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Дыйкандар 2030-жылга чейин жер салыгынан бошотулду
Кыргызстанда дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына бүгүн, 8-декабрда жазды.
Өлө башчы 2030-жылга чейин сугат суу маселеси чечилерин, анан жер салыгы кайра жанданарын айтты.
"2030-жылга чейин дыйкандарга сугат суу маселесин чечип бүтөбүз, БСР, БДРларды курабыз, каналдарды толук тазалап, керектүү жерлерге жаңыларын куруп беребиз. Кыскасы дыйкандарга суу маселесин чечип беребиз. Ошондон кийин анан жер салыкты кайра жандандырабыз", -дейт президент.
Ошондой эле өлкө башчы жарандарды салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды.
2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөө жокко чыгарылган болчу. Тиешелүү жарлыкка президент 2021-жылдын декабрь айында кол койгон. Анда өлкө башчы бул дыйкандарды колдоо максатында ишке ашырылып жатканын айткан.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat