БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жеңилди

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жеңилди

Интернеттен алынды

Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Париж Олимпиадасындагы алгачкы беттешинде жеңилип калды. 

Ал 1/16 финалдык баскычта украиналык Богдан Ядов менен кез келди. Тилекке каршы, соңку мүнөттөрдө иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди. Кыргызстандык спортчу 66 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. 

Кубанычбек  Айбек уулу 23 жашта. Бул анын биринчи олимпиадасы болду. 

27-июлда башталган дзюдо боюнча мелдештер 3-августта жыйынтыкталат. 31-июлда кыргызстандык дагы бир дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат. Спортчу 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашат. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей