БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бекешев мектептерде «квадроберлерди» көзөмөлгө алууну сунуштады

Бекешев мектептерде "квадроберлерди" көзөмөлгө алууну сунуштады

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев, жаштар арасында тарала баштаган "квадробика" субмаданияты боюнча маселе көтөрдү. 

Дастан Бекешев бул өспүрүмдөр арасында тендеция болуп жаткандыгын, аны Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлгө алышы керектигин айтты. 

"Азырынча бул чоң көйгөй эмес, өспүрүмдөр арасында болуп жаткан тенденция. Мектептерде окуучулар жаныбарларга окшоп ар кандай нерселерди кылып жатышат. Ошону ар бир мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек"-деди депутат. 

"Квадробика"-"квадро"- төрт, "аэробика"- гимнастика деген сөздөрдөн алынган. Аны расмий эмес спорттун түрү катары атап жүрүшөт. “Квадробика” менен алектенгендерди "квадробер"дешет. Алар төрт бутуу жаныбарларга окшоп кийинип, жүрүм-турумун туурашат. Көчөгө ит, мышык, коёндун маскасын же формасын кийип чыгып, төрт буттап басып, секирип жүргөндөр бар. 

Азыр "квадроберлер" Орусия, Өзбекстан, Казакстан көчөлөрүндө байкала баштаган. Октябрда Өзбекстандын Ички иштер министрлиги муну ата-энелик милдеттерди аткарбагандык катары баалап, балдардын андай кылыгы үчүн ата-энесине айып пул салынаарын эскертишкен. Ага чейин Ташкентте итти туураган "квадробер" башка адамга кол салган окуя катталган. Ал эми Орусияда жергиликтүү басылмалар "квадробикага" тыюу салуу сунушталып жатканын жазышкан. 

Айрым басылмалар "квадроберлер"Кыргызстанда да байкалып калышканын билдирген. Бирок, өлкөдө коомчулук буга анчейин реакция кыла элек. 

Автор: Осмонова Айдана > 792 макала