БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Кара-Суудагы "МегаКомпанинин" бажы терминалы мамлекетке кайтарылды

УКМК: Кара-Суудагы "МегаКомпанинин" бажы терминалы мамлекетке кайтарылды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтобүбү Оргалчага таандык болгон Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан "МегаКомпанинин" бажы терминалы мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын 23-апрелде тараткан маалыматында "МегаКомпани" ЖЧКсынын мыйзамдуулуугу текшерилгени сөз болот. Натыйжада терминал Талдык дарыясынын жээгинде суу коргоочу зонанын аймагында болуп, эч кандай уруксат берүүчү документтери жок капиталдык курулуш курулгандыгы аныкталган. Мындан сырткары ижара келишиминин шарттарына ылайык, ижарачы алынган аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү менен алектениши керек болгон. Бирок ал иштер аткарылган эмес.

"УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында төмөнкү даректе жайгашкан: Ош облусу, Кара-Суу району, Ак-Жар айылы, Ак-10, 62, 62а контурлары, жалпы аянты 7,49 гектар жер тилкеси КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлдү", -деп жазылат маалыматта. 

Жер тилкелеринин болжолдуу баасы 520 миллион сомдон ашык деп бааланган. УКМК учурда терминалдын өзүнүн мүлкүн өткөрүп берүү процесси жүрүп жатканын кошумчалады. Баштапкы эсептөөлөр боюнча анын баасы кошумча 54 миллион сомду түзөт.

Атайын кызмат белгилегендей, аталган жер тилкесин "МегаКомпани" ЖЧКсы пайдаланган учурда бюджетке салыктык чегерүүлөр түрүндө гана аз өлчөмдө сумма түшүп турган. Ал эми жер тилкеси "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөндөн кийин, ушул жылдын 3-мартынан ушул күнгө чейин ишкананын пайдасына 22 млн. 188 миң 500 сом түшкөн.

"Т-Медианын" иликтөөсү

Буга чейин "Т-Медиа" бажы терминалынын ордун "МегаКомпани" ЖЧКсы мыйзамсыз ээлеп, миллиондорду айлантып келгенин ачыктаган. Аталган компания алты гектардан ашуун жерди өз билемдик менен тосуп алып, курулмаларды куруп алган. Ошондой эле фирманын терминал иштетүүгө уруксат кагазы жок болгон. Андан соң Кара-Суу райондук администрациясы терминалды алдыртып, тазалабай туруп ижарага берүү чечимин кабыл алган. Юристтер бул уюштурулган сынакта түздөн-түз мыйзам бузуучулук бар экенин билдирген.

Бир канча мыйзам бузуу бар экендиги айтылганына карабастан, Кара-Сууга жаңы келген аким Темирболот Абыкеев сынак өткөрүүгө уруксат берген. Ал эми жарандар буга чейинки сынактар ачык эле өтүп келгенин, бул жолу жабык өтүп жатканы күмөн жаратаарын айтышкан.

"МегаКомпани" жоопкерчилиги чектелген коому Юстиция министрлигинде мурда Токтобүбү Оргалчанын менчиги болуп катталып турган. Директору катары аны жолдошу Нуруслан Балтабаев көрсөтүлгөн. Эл аны Нургазы деп тааныйт. Азыр болсо компания Нуруслан Балтабаевдын биринчи турмушундагы уулу Чыңгызбек Балтабаевдин атына катталып турат. 

Токтобүбү Оргалча кытайлык кыргыз. 2018-жылы кыргыз жарандыгын алып, 2021-жылы парламенттик шайлоого "Алянс" партиясынан катышкан. Ал былтыр алдамчылыкка шектелип камалып, кийин үй камагына чыккан.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей