БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Эми ата-энесин карабагандар жазаланат. Президент мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров ата-энесин багуудан баш тарткандарды жоопко тартууну караган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына 2-декабрда жарыяланды. Ага ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди.
- Муктаж ата-энесин багууга каражат төлөбөгөн эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарына карата жоопкерчилик күчөтүлөт. Эгерде каражат төлөнбөгөн мөөнөт 12 айдан ашпаса 20-50 миң сомго чейин айып салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартылат.
- Эгерде каражатты 12 айдан көп убакыт төлөбөсө, ошондой эле уул-кызы маянасынын жана кирешесинин өлчөмүн жашырса, аз кылып көрсөтсө жазаланат. Тагыраагы, алар бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылышы, 50-100 миң сомго чейин айып салынышы же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн;
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылууга жана кайрылуу боюнча ата-энелердин кызыкчылыктарын колдоо үчүн ишеним кат берүү укугуна ээ.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 17-октябрда кабыл алынган. Документ – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
January 2025
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat
- 29
- 30
- 31
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 1