БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Эми курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот

Эми курулуштун мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдө январь айынан тартып курулуп жаткан турак жайлардын мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болот. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигини жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

Орунтаев бул үчүн Мамкурулуштун атайын сайты иштелип чыкканын жана ал жактан бардык курулушту текшерүүгө боло турганын билдирген. 

"2025 жылдын январь айынан тартып ар бир курулуштун атайын убактылуу тосмосунда QR-коду да илиниш керек. Ал QR-код менен озүңүздүн телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, анын  мыйзамдуу экенин билсеңиз болот. QR-код курулуштун убактылуу тосмосунда көрүнүктүү жеринде, кеминде 1х1 метр же андан да чоң болгон өлчөмүндө, курулуш аяктаганга чейин илинип туруш керек", -деген Нурдан Орунтаев.

Мамкурулуштун жетекчиси кулуруш компанияларына да кайрылып, январь айынын аягына чейин бардык курулуштарда атайын QR-код илиниши керектин айтты. Муну аткарбаган компанияларга айып-пул салынарын эскерткен.

QR-коддун жардамы аркылуу жарандар объектинин мыйзамдуулугун жана толук уруксат иш кагаздары бар-жоктугун билсе болот. Орунтаев курулуштун QR-коду жок болсо, ал шек жарата турганын билсе болорун айткан.

Нурдан Орунтаев Кыргызстанда жалпы 277 турак жай жана коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылганын быйыл июнь айында Жогорку Кеңештин жыйынында айткан. Ал аталган курулуштар 90% жеке менчик жерлерде экенин, алардын коопсуздугуна кепилдик жоктугун белгилеген.

Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги сот органдарына өткөрүп берилген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилеринин тизмесин жарыялаган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала