БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эми ЖОЖдор окуу акысын өз алдынча көтөрө алат. Чектөө алынды

Эми ЖОЖдор окуу акысын өз алдынча көтөрө алат. Чектөө алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Эми өлкөдөгү жогорку окуу жайлар окуу акысын өз алдынча көтөрө алат. Быйыл президенттин тарифти көтөрүүгө тыюу салган чечими жокко чыкты. 

"Т-Медиага" Билим берүү министрлигинен билдиргендей ЖОЖдор окуу акысын өздөрү аныктап, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын көзөмөлүнөн өткөрүшөт.

Биздин редакцияга Оштогу айрым студенттер алардын окуу акысы дээрлик 30 пайызга жогорулаганын билдирген. 

2021-жылы пандемия учурунда президент окуу акысын жогорулатууга тыюу салган жарлык чыгарган. Анын негизинде жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда тарифтер үч окуу жылында көтөрүлбөй турган болгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей