БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Абакиров менен Мамашова Жогорку Кеңешке депутат болушту

Абакиров менен Мамашова Жогорку Кеңешке депутат болушту

Коллаж

Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров жана мурдагы депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-февралдагы жыйынында аларга депутаттын күбөлүгү менен төш белгиси берилди. 


Абакиров менен Мамашова мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып, тергөө абагына камалган Эмил Жамгырчиев менен диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Фарходбек Алимжановдун ордуна келишти.

Мурдараак БШК өзү жазган арыздын негизинде Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону белгилү болгон.

43 жаштагы Эльдар Абакиров эмгек жолун 1998-жылы "Казак темиржол транспорту илимий-изилдөө институту" ишканасында программист-аналитик болуп баштаган. 2019-жылы Экономика министринин орун басары болуп иштеген. 

Ал эми 36 жаштагы Айсулуу Мамашова саясатка ишкерликтен келген жана парламенттин алтынчы чакырылышына «Ата Мекен» партиясынан шайланган. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Замандаш» менен катышкан. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей