БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Эне капиталы» 2026-жылдан тарта бериле баштайт

"Эне капиталы"  2026-жылдан тарта бериле баштайт

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөргө "эне капиталы" берилерин билдирди. Бул ал тууралуу бүгүн, 20-декбарда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда айтты.

Ага ылайык, мамлекет ар бир төртүнчү балага-100 миң сом, бешинчи балага-600 миң сом, жетинчиге- 1 млн сом, сегизинчиге- 1 млн 200 миң сом жана тогузунчу балага- 1,5 млн сом, онунчу балага-2 млн сом берүүнү пландап жатат. 

“Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргыз Республикасынын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелет”-деди ал. 

Мындай каражат берүү Кыргызстанда биринчи жолу каралууда. Өлкөдө буга чейин жаңы төрөлгөн балага “балага сүйүнчү” пул берилчү. 

"Балага сүйүнчү"- Кыргызстанда ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөнүүчү төлөм. Төлөмдүн суммасы 4 миң сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде бир үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлсө ар бир балага 50 миң сомдон берилет.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “эне капиталы” 2025-жылдын 1-январынан тарта бериле тургандыгын билдирген болчу. 

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала