БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Эне тилин унутпасын дейбиз". Америкада Кыргыз мектеп иштеп жатат

"Эне тилин унутпасын дейбиз". Америкада Кыргыз мектеп иштеп жатат

Сүрөт: t-media.kg

Америка кошмо штаттарынын Чикаго шаарында төрт жылдан бери Кыргыз мектеп иштейт. Анда жүздөн ашуун окуучу эне тилинде окуп жатышат. Быйыл биринчи жолу билим уясында жайкы лагерь уюштурулган. 

Мектептеги мугалимдердин бири Чолпонай Кокоева. Ал кыргыз тили жана көркөм өнөрдөн сабак берет. АКШга 2018-жылы үй-бүлөсү менен "Грин карт" утуп алгандан кийин кеткен. Кыргызстанда да мугалим болуп иштегендиктен жумушун чет жерде чоңоюп жаткан жаштарга билим берүү менен улантып жатат.

"Ар бир майрамга байланыштуу тематикалык ачык сааттарды өткөрүп турабыз. Мисалы, кыргыз тил күнүнө карата флешмоб, апакемдин майрамы жана башка ушул сыктуу. Келечекте балдарыбыз кыргыз тил, маданиятын унутуп калышпаса экен деген үмүттө ушул мектеп ачылып иштеп келебиз. Чет жерде өзүбүздүн тилди үйрөтүү бир топ эле түйшүктүү. Эмнеге дегенде биздин балдар төрөлгөндөн эле башка элдин тилин, маданиятын үйрөнүп чоңоюшат. Ал эми кыргыз тилде жакшы сүйлөй алышпай калып жатат. Бул өтө өкүнүчтүү. Ошого байланыштуу чет элде жүрсөк да тилибизди сактап калуу максатында ушул мектепти ачканбыз. Быйыл жайда биринчи жолу жайкы кыргыз лагерин да өткөрдүк. Балдарга абдан жакты" - дейт Кокоева.

Учурда мектепте кыргыз тили жана маданияты, адеп, ⁠музыка, куран, ⁠көркөм өнөр, ⁠кыргыз бийинен сабактар өтүлөт. Жайында да ийримдерди уюштурган. Азыр эс алуу күндөрүндө маданий борборлор иштеп жатат. 

Автор: Бурханов Байэл > 9 статей