БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министрлик: Бишкек ЖЭБдеги кырсык эски бөлүгүндө болду

Министрлик: Бишкек ЖЭБдеги кырсык эски бөлүгүндө болду

Сүрөт: Бакыт Төрөгелди/ ЖЭБ авариядан кийин

Бишкек жылуулук электр борборундагы абалды калыбына келтирүүгө 2-3 күн кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 2-февралдагы маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымына караганда, ушул күндөрү борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө жылуулук болбойт. Авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон. Учурда комиссия иштеп жатат. Керимов электр энергиясын берүү үзүгүлтүккө учурабай турганын айтты. 

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Энергетика министрлиги абалды жөнгө салуу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлады. Кырсыктын себеби азырынча айтыла элек. Аталган жайда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор экенин, алар жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын маалымдады. Ал эми Билим берүү министрлигинин чечими менен Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окуутууга өткөрүлдү

2018-жылы кыш чилдеде Бишкек ЖЭБинде чоң авария болуп, борбор шаар бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир нече беренелер менен кылмыш иштери козголгон.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей