БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Эртең Ош шаарына жылуулук берилет

Эртең Ош шаарына жылуулук берилет

Сүрөт: "Т-Медиа"

4-ноябрдан тарта “Жылуулук камсыздоо” ишканасы Ош шаарына караган көп кабаттуу үйлөргө, социалдык обьектерге жана мекеме ишканаларга  жылуулук берүүнү баштайт. Бул тууралуу “Т-Медиага” аталган ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов билдирди.


Ал эми мектеп жана бала-бакчаларга 9-ноябрдан тартып жылуулук бериле баштайт. Анткени окуучулар ал мезгилде күзгү эс алууда болот.

Маалыматка караганда, “Жылуулук камсыздоо” ишканасы жылуулук берүүнү 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнкү саат 12:00до баштайт. тиешелү буйрука Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 2-ноябрда кол койгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей