БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Фактчек: банктарга кол салуу болуп атабы?

Фактчек: банктарга кол салуу болуп атабы?

"Т-Медианын" коллажы

Кыскасы, жакындарыңа эскерт. Бир эле "Айыл банкта"  эмес, азыр Кыргызстандагы банктардын баарына кол салуу болуп атат. Азыр дагы ыйлап үч мугалим келди. 

Милицияга барды, эч нерсе кыла алышкан жок. Ошентип, 158 миң насыяны мойнуна илип, шок болуп отурат. Анда-санда ыйлап коет. 

Мына ушул эки билдирүү WhatsApp мессенжерлеринде желдей тарап жатат. Билдирүүлөрдөн кыска жыйынтык чыгара турган болсок, анда онлайн шылуундардан алданып калгандардын окуясы баяндалат. Мисалы, биринде бейтааныш адам мугалимдерге телефон чалып, өзүн "Улуттук банктын өкүлү" деп тааныштырып, алардын атынан чоң суммада насыя алып койгону айтылат. 

"Бирөөсүнө 110 миң, экинчисине 200 миң, үчүнчүсүнө 150 миң сом насыя алдырып салышыптыр. Телефонду чукулаган киши болуп, "Улуттук банктан чалып атабыз. Сиздин телефонуңузда анда-мындай" деп скриншот кылып алышыптыр. Кыскасы, чалган адам бейтааныш болсо, бети көрүнбөсө, "Улуттук банктан, "Мегакомдон" же "Одон" чалып атабыз. Телефонуңузду текшериш керек болуп атат. Код келет же тиги-бу дей турган болсо, дароо ошол номерди блоктоп кой" деп айт".

Ал эми экинчи билдирүүдө да Башкы банктын өкүлү деген киши шилтемелерди сунуштоо жолу менен жаранды алдап кеткени сөз болот. 

Кандайсыңар, менин музейде иштеген Назгүл деген курбум бар. Эки күн мурун анын Мбанкына 150 миң сом түшүптүр. Анан жагымдуу үн менен бирөө чалып "Мен Улуттук банктан чалып атам. 150 миң сомду сизге адашып которуп алыпмын. Кайра бизге которуп коюңузчу" дептир. Которгондон кийин бир шилтеме жөнөтүп, ушундай кызматтар бар, өтүп коюңуз дептир. Ал шилтемени басат. Курбумдун Мбанкында 8000 сому бар экен эле. Шилтемеден өткөндөн кийин эсебин текшерсе акчасы жок экен. Кыргызстан банкка келип окуяны айтса, алар "Сиз жарым саат мурун Мбанктан 158 миң сом онлайн насыя албадыңызбы" дептир. Милицияга барды, эч нерсе кыла алышкан жок. Ошентип, 158 миң насыяны мойнуна илип, шок болуп отурат. Анда-санда ыйлап коет.

Улуттук банк алардын атын жамынгандар  - онлайн шылуундар экенин билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Айгүл Молдобекова соңку учурда телефон чалуулар менен мындай фактылар көбөйгөнүн белгилейт. Интернет колдонуучулар сак болушу керектигин, шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертет. Расмий өкүл жарандардын телефон шылуундарына алданып калбашы үчүн каржылык сабаттуулугун жогорулатуу иштери улантылып жатканын кошумчалады.

"Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн насыя уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе сүйлөшүүнү шыр токтотуңуз. Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты айтпаңыз. Коммерциялык банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн насыяларды уруксатсыз тариздөөгө же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине байланыштуу телефон чалбайт. Мессенжерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн жөнөтпөйт", -деди Айгүл Молдобекова.

Жыйынтык: Улуттук банк жана башка коммерциялык банктар мессенжерлер аркылуу кызматтык документтерин эч качан жөнөтпөйт. Бул - шылуундардын аракети. Андыктан сизге чалып же жазгандарга олуттуу көңүл буруңуз. Эгерде күмөндүү шилтемелер болсо, такыр ачпай эле коюңуз. Себеби, сиздин электрондук капчыктарыңыздан жана банктагы эсебиңизден акча уурдагысы келген шылуундар ушул сыяктуу жолдорду көп колдонот.

Автор: Т-Медиа > 378 макала