БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жасалма диплом чыры: Жогорку Сот Фархат Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

Жасалма диплом чыры: Жогорку Сот Фархат Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди күчүндө  калтырды

Сүрөт "Akipress"

Жогорку сот Фархат Исмаиловду депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча административдик жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.

2022-жылы 8-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановду «жасалма диплом алууга» шектеп, маалыматты Боршайкомго өткөрүп берген. 

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыратканы 6-июлда белгилүү болгон. Эл өкүлдөрү мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан», ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракцияларынын депутаттары. Экөө тең дипломдору жасалма экенин четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. Алимжанов диплом чырына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин сотко берген. Бул тууралуу 28-августта эл өкүлүнүн жактоочусу Самарбек Болотбеков билдирген.

Фархат Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми  Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуган. 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган. Мекеменин жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университетин атаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей