БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Диплом чыры: Жогорку сот Алимжановдун арызын канааттандырган жок

Диплом чыры: Жогорку сот Алимжановдун арызын канааттандырган жок

Сүрөт: "Спутник Кыргызстан"

Жогорку сот парламент депутаты Фарходбек Алимжановдун арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Алимжановдун арызы 26-январда жогорку инстанцияда каралып, Бишкек шаардык административдик сотунун былтыр 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечимин күчүндө калтырган. 

Депутат Жогорку соттун чечими боюнча социалдык түйүндөгү баракчасына пикирин жазды. Анда ал мандат маселеси ушуну менен аяктанын билдирген.

"Жалпы депутаттык корпуска ийгилик каалайм. Мамлекеттин жаркын жашоосуна өбөлгө түзүүчү көптөгөн мыйзам долбоорлорун бирге даярдадык. Өлкөнүн финансылык абалынын турукташуусуна эбегейсиз салым коштук деп айта алам. Миңдеген шайлоочулар менен жолугуп, элдин мүдөөсүн тынбай жогорку трибуналарда айтып турдук. Бизге кайрылган ар бир жарандын ишин дыкат изилдеп көмөк көрсөтүүгө командам менен чоң аракет кылдык. Көптөгөн маселелер чечилди", -деп жазган ал. 

Фархад Алимжановдун орудуна "Альянс" партиясынын тизмеси боюнча Эльдар Абакиров келиши мүмкүн.

2022-жылы 8-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутаттар Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановду «жасалма диплом алууга» шектеп, маалыматты Боршайкомго өткөрүп берген. БШК эки депутатты мандатынан ажыратканы 6-июлда белгилүү болгон. Эл өкүлдөрү мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Фархат Исмаилов "Ата-Журт Кыргызстан", ал эми Фарходбек Алимжанов "Альянс" фракциясынан депутат болуп шайланган. Экөө тең дипломдору жасалма экенин четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. Алимжанов диплом чырына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин сотко берген. Арыз Ош шаардык сотунда каралып, "окуу жайдын корутундусу" мыйзамдуу деген чечим чыккан.

2023-жылдын 30-октябрында Жогорку Сот Исмаиловдун мандатынын алынышын мыйзамдуу деп тапкан. Боршайком соттун чечимине таянып, 21-ноябрда Исмаиловдун мандатын Чынберди Төлөновго тапшырган.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей