БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Фоточек: 400 жылда бир ачылган гүлдү текшеребиз

Фоточек: 400 жылда бир ачылган гүлдү текшеребиз

Сүрөт: dzen.ru

Whatsapp аркылуу көз жоосун алган гүлдүн сүрөтү таратылууда. Билдирүү "чымчыкка окшогон гүл 400 жылда бир ачыла турган Пайгамбардын гүлү экен. Ниет кылып 12 адамга таратыңыз", - деген сөздөр менен коштолот. 

 

Чын эле 400 жылда бир гүлдөгөн пайгамбардын гүлү барбы? Мындай маалымат сизге келсе ишенишиңиз керекпи же бул катардагы эле фейкпи? Биздин редакция текшерип чыкты.

Гүлдүн сүрөтү аркылуу издөө салсак, 2020-жылдан бери жарык көргөн бир нече маалымат табылды. Мисалы, 2022-жылы Planet SOS деген баракча бул сүрөттү жарыялап, "ал кушка окшош болушу мүмкүн. Бирок чынында магнолия лилифлора аттуу гүл" деп жазган. Башка колдонуучулар да ушундай эле пикир, сүрөт менен бөлүшкөн. 

Бул өсүмдүк Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан Сычуань жана Юньнань аймактарында өсөөрү айтылат.

 

Кытайлык CGTN (Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагы) басылмасы 2019-жылы мартта "Бул кооз гүлбү же кичинекей чымчыкпы?" деген аталышта материал жарыялаган. Макалада жаз келип, күн жылышы менен Пекин паркындагы магнолия гүлү гүлдөп, алар бутактарда конуп турган кичинекей кызгылт канаттууга окшоп калары баяндалат.

Мындан тышкары, басылма бул өсүмдүктүн тарыхына да токтолгон. Маалыматтарга караганда, Кытайда магнолия гүлү биздин заманга чейинки 770-476-жылдары жаз жана күз мезгилдеринде өстүрүлгөн. Улуу кытай акыны Цю Юань өзүнүн асыл мүнөзүн көрсөтүү үчүн ырларында магнолиянын образын колдонгон. Мындан тышкары адамдар бул өсүмдүктү сүйүүнүн далили катары башкаларга берери айтылган. 

Ал эми funfon.ru сайты быйыл 1-апрелде "Магнолия лилия флора куш гүлү деген аталышта" сүрөт баян жарыялаган. Анда өсүмдүктүн жаңыдан гүлдөп, кийин жабылганына чейинки бир нече сүрөттөрү жайгаштырылган. 

parsine.com сайты сүрөттөгү гүлдү Кытайда өскөн магнолия юлан өсүмдүгү деп атаган. Ошондой эле анын 1500 жылдык тарыхы бар экенин белгилеген. 

dzen.ru басылмасы жаз айында Пекинге барсаң, кичинекей кызгылт канаттууга окшош магнолия юлан гүлү айлананы өзгөчө кооздукка бөлөп турарын жазган. Юлан бутактарга жалбырактары чыга электе эле гүлдөп баштайт. 

Гүл ачыла баштаганда кушка окшобой калганы байкалат. 

Жыйынтык: магнолия гүлү чындыгында чымчыкка окшоп гүл түйөт. Бирок ал 400 жылда эмес жыл сайын гүл ачат. Анын мекени – Кытай. 

Автор: Т-Медиа > 361 статей