БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Катар беттешет

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Катар беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы

Бүгүн, 10-октябрда Кыргызстан менен Катардын футбол боюнча курама командаларынын беттеши өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат, 22:00дө Доха шаарындагы  "Аль Тумама" стадионунда башталат.

Беттешти "УТРК Спорт" жана "Кыргыз Спорт ТВ" каналдары түз алып берет . 

Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында да Ак шумкардын күйөрмандары үчүн атайын масштабдуу фанзона, лед экран уюштурулат. 

Бул беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт. Буга чейин Кыргызстан эки беттеш өткөргөн. Азырынча курама команда упай ала элек.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей