БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курамалары беттешет

Футбол: бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курамалары беттешет

Интернеттен алынды

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешет. Оюн бүгүн, 26-мартта саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ак түстөгү формада оюн талаасына чыгат. Буга чейин Ак шумкарлар Тайбэй командасын 2:0 эсебинде уткан. 

Оюндар 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия аймагы боюнча тандоо раундунунун алкагында өтүүдө. 

Кыргызстан былтыр дүйнө чемпионатына катышып, бирок Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен ал жакка илинген эмес.

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей