БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Жапония менен ойнойт

Футбол: бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Жапония менен ойнойт

Сүрөт: kabar.kg

2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Жапония менен беттешет. Оюн бүгүн, 29-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония командалары менен бирге жайгашкан. Тандап алуу оюндарына жалпысынан он тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. 

Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген. Ал эми 27-сентябрда Түркмөнстандын командасын 1:0 менен утту.  Жалпы упайлык эсепте биринчиде алты упай менен Жапония, андан кийин алты упай менен Кыргызстан турат. Ал эми Мьянма менен Түркмөнстан упай ала элек.

Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Автор: Т-Медиа > 361 статей